Бишкек шаарынын мэриясынын командасында кадрдык алмашуулар болду.

Шаардык муниципалитеттин борбордук аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп, ротация иретинде Ренат Айтымбетов дайындалды.

Эске салсак, Р.Айтымбетов буга чейин коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Социалдык бөлүмдүн экс-башчысы М.Мамбетова Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!