Бала бакча 280 орунга ылайыкталган.


Мындан тышкары, район башчысы  120 балага ылайыкталган №6 кичи районунда  курулуп жаткан  №85 адистештирилген бала бакчага барды.


Район башчысы курулуп жаткан бала бакчалар бардык талаптарга жооп берип, заманбап салынып жаткандыгын белгиледи.


Ошондой эле, мурда бала бакчага бекитилген, учурда Соцфонд, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана Октябрь районунун  Мамлекеттик салык кызматы жайгашкан имараттар акырындык менен бошотулуп, бала бакчага кайтарылып берилет.


Белгилей кетсек, №85 адистештирилген бала бакчанын расмий ачылышын КР Эгемендүүлүк күнүндө жана №182 бала бакчаны үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өткөрүү  пландалууда.