"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектин бардык төрт районундагы борбордук көчөлөрдө, тротуарларында, ооруканаларда, мечиттерде күчөтүлгөн тартипте дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Биринчи май менен Свердлов районунун 20дай көчөлөрүндө, Октябрь районунун 25ке жакын көчөсү жана Ленин районунун борбордук 7 көчөсүндө дезинфекция иштери жүргүзүлдү.

Дезинфекциядан жер астындагы, жер үстүндөгү өтмөктөрөр, таштанды салуучу бактар жана аянтчалар, аялдамалар, ошондой эле мейманканалар, базарлар, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер өтүп жатат. Бүгүн мечиттерде массалык дезинфекция иштери башталды.

Жолдорду, тротуарларды, гүлзарларды жана борбордун сейил бактарын жууп-тазалоо иштери уланууда. Кабатыр болбоңуздар! Жашыл бөлүгүн сактап жатабыз.

Шаардын карантиндик аймактарын дезинфекциялоо үчүн, Тазалыктын 104 кызматкери, 26-чачыпжуучу унаа жана беш "Беларус"  кичи-трактору менен күнүнө кеминде беш жолудан чыгышууда.

Күнүмдүк дезинфекция жүргүзүлүүчү аянттын аймагы  миллион чарчы метрди түзөт.

Жууп-тазалоо үчүн мамлекеттик санэпидем көзөмөл кызматынын көзөмөл алдында гипохлорит кальцийдин эритмеси колдонулат

Дезинфекция план боюнча күн сайын улантылат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!