"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы жазгы отургузуу иштерин улантууда. Бүгүнкү күнгө карата 4700дөн ашуун жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Азыркы учурда биз клен, липа, ак кайың, кара тал, мажүрүм тал, катальпа, ясень, каражыгач, дуб, тополь жана башка жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуп жатабыз. Алардын бийиктиги үч метрге чейин жетет. Бардык отургузулган көчөттөрдү өзүбүздүн бакчада өстүрдүк, жаш дарактар ачык жана жабык тамыр системасы менен отургузулат.

Келечекте дарактар шаардын төмөнкү көчөлөрүндө орун алышат:

Тыныстанов көчөсүнүн Скрябин көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейнки аралыгында, Жумабек көчөсүнөн  Жибек Жолу проспектисине чейин, Суеркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүно чейин – 164 түп клён дарагы;
Гоголь көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө – 45 клён көчөтү;
Щербаков көчөсүндө Элебесов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин - 200 түп клён дарагы, Тоголок Молдо көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин - 320 клён багы;
Баялинов көчөсүндө Тоголок Молдодон Жаш Гвардия бульварына чейин -228 көчөт;
Орозбеков көчөсүндө ЧЧКдан Щербаковко чейин 80 көчөт отургузулду;
Фере жана Мусоргский көчөлөрүнүн кесилишинде (турбазанын жанында) – мажүрүм талдын 40 көчөтү;
Тоголок-молдо көчөсүнө Жибек Жолу проспектинен тартып Саадаев көчөсүнө чейин  50 клен көчөтү;
Медеров көчөсү боюнча Абдрахманов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин 103 ак-кайың;
Анкара көчөсүндө 7-апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин 150 ак-кайың;
Профессор Зима көчөсүндө Саадаев көчөсүнөн Чыгыш ЧЧКга чейин – 70 клен;
“Физкультурный” сквери – 990 клен көчөтү  жана 150 ясень;
50 клендон 7-кичирайонундагы Безымянный көчөсүнө жана Медеров көчөсүнө Байтик Баатыр көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин отургузулган;
Байтик Баатыр көчөсүнө Масалиевден путепроводко чейин 20 көчөт;
Бөкөнбаев жана Московский көчөлөрүнө Сүйүнбаевден Абдрахмановго чейин – 77 ясень көчөтү;
Кольбаев көчөсүндөгү №19 МАБнын жанына  60 ак-кайыңдын көчөттөрү отургузулат;
Фере көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин-100 мажүрум тал жана 200 каражыгач көчөтү;
Айтматов проспектисинен Бакаев көчөсүнө чейин Масалиев көчөсундө – 4 клен көчөтү;
Жаш Гвардия бульварында Московский көчөсүнөн Фрунзеге чейин - 200 катальпа көчөтү;
Абдрахманов көчөсүндө Жибек Жолу проспектинен баштап путепроводко чейин – 40 ак-кайың көчөтү, 20 кара тал көчөттөрү;
Чүй проспектисинде Абдрахманов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин – 17 липа көчөтү;
Куттубаев жана Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде 30 клен көчөттөрү жана Каралев көчөсүн карай 150 ак-кайың көчөтү;
Каралаев көчөсүндө Койбагаров көчөсүнөн Суеркуловго чейин – 25 клен жана 50 ак-кайың;
Виноградный көчөсундөгү скверге-200 көчөт;
С. Батор жана Токомбаев, 7-апрель жана Исакеев көчөлөрүнүн, Линейный жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде-175 клен көчөтү;
"Ак-Босого" конушунда - 240 клен көчөтү;
"Арча-Бешик" конушунун Шералиев көчөсүндө – 345 ясень көчөтү.
Белгилей кетсек, мажүрүм тал жана кара тал көчөттөрү көбүнчө сейил бактарда, парктарда жана скверлерде, унаа жүрүүчү жолдон алыс аймактарда отургузулат, ал эми жүрүүчү жолдорду бойлой свидина кустарниктери отургузулат.

Сезондук отургузуу иштери уланып жатат.

Ошол эле мезгилде отургузуу иштери менен бирге, биздин кызматкерлер жайкы сугаруу иштерине даярдоо көрүшүүдө, магистралдык каналдар жана арыктар тазаланууда.

Кабатыр болбоңуздар! Бишкекжашылчарбанын бардык кызматкерлери маска, мээлей жана санитайзерлер менен камсыз болушкан, алар чакан бригада болуп, ачык абада иштешет. Ошондой эле, дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз  жүргүзүлүүдө.

Бишкек-сүйүктүү жашыл шаарыбыз!