Дээрлик бүткүл дүйнө жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылышынан коргоо чараларынын көрүүдө, эң натыйжалуу коргонуунун бири өзүн - өзү изоляциялоо менен бирге, жеке гигиенаны күчтөндүрүү, өзгөчө колдун тазалыгын сактоо.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ), The Safe Hands challenge аттуу колдун тазалык акциясын башташты. Биринчи болуп, ДСУнун башкы мудүрү, дарыгер Тедрос Адхан Гебрейесус колун жууду. Кыргызстанда мындай акцияны Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын Туруктуу Координатору Озонниа Ожиело колдоду, ал эми аны менен кошо биздин шаардыктар, артисттер, белгилүү эстрадалык аткаруучулар, актерлор, опералык ырчылар, алып-баруучулар жана балдар видео-челлендждерди тартып интернетке жүктөп жатышат.

Биз кылдат колубузду жууганча, жакшы көргөн ырыбызды ырдайбыз жана эстафетаны өзүбүздүн досторубузга узатабыз.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясынын командасы эстафетаны сизге өткөрүп берет! Колуңуздарды жакшылып жууп, видеосун соцтармактарга жүктөп, #thesafehandschallenge хештеги менен белгилеп жана эстафетаны өзүңүздүн жакын досторуңуздарга узатыңыз.

Келгиле, жаңылыктар баракчасын колдун тазалыгы менен толтуралы!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!