Борбордук мэриянын шаардык кызматтары Кокчетавский жана Тулебердиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакчасынын реконструкциялоо иштерин улантышууда.

Азыркы учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери парктын жөө жүрүүчу аймагына жана веложолуна асфальт төшөлүп, отургучтар орнотулууда, асфальттын 30%, отургучтардын 70% орнотулду.

Учурда эки коомдук даараткананын, сырткы куруу иштери аяктап, ички жасалгалоо иштери жүрүүдө.

Скейтпарк үчүн цементтен негиз даярдалды, конструкциянын өзү сатылып алынды, эми орнотуу иши кутулуүдө.

Аянтча жана Ч.Тулебердиевдин эстелигинин жанындагы тепкичтин цементи куйулуп жатат, ал эми монумент өзү 80% га даяр, фундаменти куюлгандыгын белгилейбиз.

"Бишкекжарык" ишканасы жарыктандыруу менен иштөөдө, заманбап жарык шам чырактарды, торшердүү мамыларды орнотууда.

Жер иштери жүргүзүлүп – торшердик түркүктөрдүн бетон пайдубалы үчүн астындагы траншеяларды казылып жана кабель чубалгысы төшөөлдү. Цехте торшердик мамылардын астына орнотулчу 140 бетон негизи, 108 бир бөлүктүү торшердик мамы, 15 –эки бөлүктүү мамы жана 138 жарык чырагы даярдалды,

Бишкекжарык кирүүчү арканын металл конструкциясын орнотту.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишкананын кызматкерлери пландоо иштерин өткөрүүдө, топурак алынып келинип, көк майдан себилди. Эскерте кетсек, буга чейин авариялык, кургап калган бак-дарактарды кесип, аймакта санитардык иштерди жүргүзгөнбүз.

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!