Бардыгы уйлөрундө отурган кезде, борбордогу көчөлөрдө дээрлик унаалар жокко эсе, ал эми шаардык кызматтар укташкан жок.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордогу көчөлөрдөгү сызыктарды жаңыртышууда.

Чүй проспектиси боюнча Осмонкулов көчөсүнөн Турусбекова көчөсунө чейин, Манас проспектисинде Жибек-Жолудан түштүк багытты көздөй,  жөө адам өтүүчу жана стоп-линия белгилери жаңыланууда.

Жол белгилери, адаттагыдай эле, дүйнөнүн көптөгөн шаарларында пайдаланылган унаа жолдорун куруу жана оңдоо боюнча типтүү технологиялык эрежелердин топтомуна ылайык түшүрүлөт.

Материал катары тастыкталган муздак пластик эки компоненттүү Hinghway ColdPlast кошулмаcы менен колдонобуз. Ал чыдамкай, аны колдонуу үчүн кымбат баалуу техника талап кылынбайт, ремонттук иштерин өткөрүү чыгымдарын да азайтат. Жакшы адгезияга (катуу жана суюк заттардын беттери менен жабышуу) ээ, бетон, асфальт, ошондой эле эски белгини кетирүүнүн кереги жок.

Толук кургатуу убакыты түздөн-түз капталган температурасына жана аянтына жараша болот. Бекитилип орточо 30-50 мүнөттун ичинде катыйт.

Белгилесек, объекттерде төрт адамдан турган эки бригада иштейт. Бардык кызматкерлерде коргоочу маска, кол кап жана жарык беруучү жилеттер бар.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөңүздө шашылыш оңдоо иштери талап кылынса, тротуар же зебра жаңылоого муктаж болсо, анда фото жана видеофактыларды жөнөтуңуздөр: 055 888 161.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!