Кыргызстандагы коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчөтүлүлуп, борбордо коменданттык саат киргизилди.

Бишкеки күнү-түнү доктурларр, эпидемиологдор, күч жана укук коргоо структураларынын кызматкерлери, ошондой эле шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери коргошууда.

Көптөгөн кайдыгер эмес жарандар колдоо сөздөрүн жазып, ушул мезгилде борбор калаага жардам берүүгө аракет кылып жатышат. Алардын бири 20 жылдан бери муктаж жарандарыбызга жардам көрсөтүп келе жаткан "Итар" коомдук кайрымдуулук фонду.

Бүгүн фонд шаардык муниципалитеттин командасы менен бирге, борбордогу бардык блокпосттордогу нөөмөт өтөп жаткан милиция кызматкерлерине тушкү тамак беришти. Биз фондго транспорттук логистиканы уюштурууга жардам бердик.

Милиция кызматкерлерин тойгузган соң, медиктерге жөнөп кетишти.

Фонд муктаж шаардыктарга, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайгандарга дайыма жардам берет. Мезгил мезгили менен кыргызстандыктарга азык-түлүк, дары-дармек жана башка керектүү каражаттарды даректүү жеткизип, ошондой эле жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул түрүндө, айына 8 миллион сом ирээтинде материалдык жардам көрсөтөт.

Муктаждардын тизмеси райондук акимиаттар менен биргеликте түзүлөөрүн белгилейбиз.

Борбор калаада күнү-түнү райондук штабдар иштейт, алар тамак-аш азык-түлүктөрүнө, дары-дармеке, багууга муктаж адамдарга жардам беришет.

Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз! Кошуналарыңыз менен, бул маалыматты бөлүшуңүздөр! Кайрылыңыздар! Райондук акимиатка чалып же WhatsApp аркылуу байланышыңыздар. Чалуулар көп болгонуна байланыштуу жардам ала турган номурлардын санын көбөйттүк:

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;
Ленин району: 656920, 0551 184328;
Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833;
Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Биз шаардыктарды үйдөн зарылдыгы жок чыкпоону, жеке гигиенаны күчтөндүрүүнү суранабыз. Биз дайыма байланышта болуп, жардам берүүгө ар дайым даярбыз жана телефон аркылуу суроолорго жооп берүүдөбуз, чалыңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!