2015-жылдын 25 августунда Учкун жаӊы конушунда, Айтматов, 74 жана Орозбеков –БЧК көчөсүндө жаш балдардын үч спортук ойноо аянтчасынын ачылышы;

 

2015-жылдын 28 августунда таӊсы саат 11де «Ата-Тюрк» паркында «Шайыр балалык» аттуу программада концерт өтөт. Ушул эле күнү кечки саат 18 де Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филормонияда кыргыз эстралык ырчылар, фольклористтер катышуусунда майрамдык концерт өткөрүлөт.


2015-жылдын 31 августунда эртеӊ мененки 9.30да Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин катышуусунда борбордук аянтта салтанаттуу иш чара өткөрүлөт. Бишкек шаарынын мэриясы «Биримдүүлүк, теӊдик жана намыс»  лейтмотивинде, «Ааламдын төрөлүшү» этнографиялык жана  «Манас, Семетей, Сейтек» музыкалык-хореографиялык сюжетинде театралдаштырылган концерт даярдаган.


 Бул күнү шаардын бардык райондорунда өткөрүлүүчү майрамдык иш чаралар :


Саат 8ден 10 чеийн Ботаникалык бакчада жеӊил атлетикалык жөө    жарыш;


Саат 10дон 12 чейин Эски аянтта спорттун бардык түрү боюнча (көркөм гимнастика, гимнастика, акробатика, будо-каратэ, таэквон-до, дзюдо, самбо, оор атлетика, гире спорту, күрөш, грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана спорттун дагы башка түрлөрү боюнча: армлеслинг, стол тенниси, стритбол, шахмат, тогуз коргоол, ордо, жаш балдардын жеӊил атлетикасы, кыймылдуу оюндар, аркан тартыш );


Саат 10дон 15 чейин «Султан» бильярд клубунда бильярд боюнча турнир өткөрүлөт. Ошондой эле борбордун төрт району боюнча элдик сейилдөөлөр, спорттук-массалык иш чаралар, конкурстар, концерттер болот;


Эгемендүүлүк күнүнө карата Октябрь районунда шаардыктар үчүн кичи-футбол, аркан тартыш, таяк тартыш, балдар үчүн кыймылдуу оюндар, колдон-колго өткөрүү оюну, теннис оюндары өткөрүлөт.


Таӊкы саат 9.30 Асанбай кичи районунда;


 10до 11 кичи районунда, «Ала-Тоо» университетинде, 7 кичи районунун 41 үйүндө, 6 кичи районунун «Жаӊгак токоюнда», Беоарусс 2/2, 2/3 көчөсүндө, Улан кичи районунда;


 Саат 11де Көк-Жар кичи районунда, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Матросов, 11 жана Бектенов көчөлөрүндө элдик сейилдөөлөр, тамактануулар жана концерттик программалар;


 Эртеӊ мененки саат 10 Куйбышева, 93 жана Гоголя, 96, 112де кичи футбол, жа балдар оюндары боюнча спорттук иш чаралар;


Саат 11 Кайыӊды жана Бакай-Ата жаӊы конуштарында дагы элдик сейилдөөлөр, концерттик программалар, спорттук иш чаралар;


Эгемендүүлүк күнүнө карата Ленин районунда таӊкы саат 11де «Фучика» сейил багында   майрамдык сейилдөөлөр, спорттук иш чаралар;


Биринчи май районунда Эгемендүүлүк күнүнө карата шаардыктар Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Көлмө жана Керемет жаӊы конуштарында саат 12де башталчу маданий-массалык иш чаралар, спорттук оюндар жана концерттер күтөт.


 Саат 14 до Панфилов атындагы паркында концерттин коштоосунда майрамдык сейилдөөлөр жана спорттук оюндар ;


31 август кечки саат 19.00 до «Ала-Тоо» борбордук аянтында     Эгемендүүлү күнүнкарата КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясы «Кыргызстан-Газспорм» компаниясынын колдоосунда майрамдык концерт кыргызстандык жана чет өлкөлүк эстрада ырчыларынын катышуусунда өткөрүлөт.


Чет өлкөлүк эстрада ырчылары:


• Город 312 тобу
• Дима Билан
• Вера Брежнева
• Сплин тобу
• Григорий лепс
• Ottawan француз тобу
Кыргыз эстара ырчылары:
• Иса Омуркулов
• Гульзада Рыскулова
• Нурайым Азыкбаева
• Салтанат Аширова
• Мээрим Карыпова


Кеченин алып баруучулары: Салтанат Саматова жана Туратбек Касымбеков


2015-жылдын 31 августунда 23.30 концерттик программа аяктагандан кийин шаардык тургундарды «Ала-Тоо» аянчасында Киевский көчөсүнөн бардык багыт боюнча жеткирүүгө коомдук транспорт менен камсыздалат.


• 10 автобус
• 6 троллейбус
• «Ала-Тоо» борбордук аянтчасынан өтүүчү бардык маршруткалар


 2015-жылдын 31 августунда  таӊкы саат 8ден кечки 24.00 чейин жабылуучу жолдор:


• Чуй проспектисинен  Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок-Молдо көчөсүнө чейин
 • Киев көчөсүнөн  Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок-Молдо көчөсүнө чейин                                                                              
 • Тоголок-Молдо  көчөсүнөн  Киев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин        
 • Фрунзе көчөсүнөн  Тыныстанов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин          
• Тыныстанов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин        
Зарылчылыккка байланыштуу жабылуучу чарчы жолдор:
  • Токтогул көчөсүнөн  Абдрахманов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин                 
 • Исанов көчөсүнөн  Токтогул көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин               
Жибек-Жолу проспектисинен Исанов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин         
 • Абдрахманов көчөсүнөн Жибек-Жолу проспекисинен  Токтогул көчөсүнө чейин.                  
Майрамдык иш чара жүрүп жаткна убакта Ак-Кула ипподромунда убактылуу жабылуучу автотранспорттук   жолдор:
  • Термечикова көчөсүнөн Гагарина көчөсүнөн Л.Толстой  көчөсүнө чейин         
  • Алыбаев көчөсү
  • Захарьева көчөсү
  • Амосова көчөсү
  • Саратов көчөсү
  • Виноградной көчөсү
  • ипподромдун борбордук кирүү тарабы

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн жарандар көп жүрүүчү жерлерде  сейил бактарда жана соода борборлорунда Жол кайгуул кызматкерлири турат.