Шаардыктарды ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, "Бишкексууканал" ӨЭБсынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Шаардыктардын ар түрдүү суроо-талаптары боюнча, ыкчам түрдө майда авария иштерин жүргүзүп, сууну агымын калыбына келтирип, суу түтүктөрун оңдоп жана көчөдөгү колонкаларды орнотуу менен кунү-түнү алектенебиз. Көпчүлүк учурларда биздин авариялык кызматтын кызматкерлерине муздак жана кир сууга толугу менен батып иштөөгө туура келет.

Чоң авария учурунда, шаардыктардан канализациянын толуп калышы боюнча арыздары келип түшөт. Тазалоо убагында, түтүктөрдөн ар түрдүү заттар табылат, мисалы, бир жолу, шаардыктар унитазга койдун ичеги-карынын, эски ички кийим, сабиз, картошка жана башка таштандыларды салып салышкан.

Урматтуу шаардыктар! Мындай кылуунун кереги жок! Ар дайым ичүүчү суу менен камсыз болуу үчүн, таштандыларды ыргытып, канализациялык өтмөктөрдү булгабаңыздар, сууну сактаңыздар!

Эскерте кетсек, өлкөнүн аймагында өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу, суу эсептегичинин көрсөтмөсү онлайн же телефон аркылуу кабыл алынат.

Ошондой эле "Бишкексууканалдын" расмий сайты www.bishkeksuukanal.kg (voda.link.kg), SMS же WhatsApp номуру: 0554 69 99 51 боюнча, почта (автоответчик): 976944 жана телефон: 565671 акылуу байланышсаңыздар болот.

Эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүн кабыл алуу мүмкүн эмес болгон учурда эсеп-билдирүү орточо айлык керектөө боюнча жазылат. Кийинки айда эсеп көрсөткүч өткөрүлүп жатканда жөнгө салынат.

Төлөмдөрдү кабыл алуу "РСК-Банк", "Оптима-Банк", "Дос - Кредобанк" банктары, "ПЭЙ-24", "BM-Technologies"-Умай, "Квикпей", "ОСМП", "Теремпей", "Кыртелсат", Элсом Жөнүндө! Акча, Balance.kg терминалдар жана электрондук капчыктар, ошондой эле "Бишкек почтамт" почталык бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!