Урматтуу шаардыктар! Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал абалына байланыштуу, шаардыктарды үйлөрүндө калууну жана көчөгө зарылдыгы жок чыкпоону суранабыз. Бишкекте доктурлар, укук коргоо органдарынын жана шаардык кызматтардын кызматкерлери гана иштеп, калгандары үйдө отуруп, аралыктан иштеп жатышат. Ошондуктан, бул айда бишкектиктерге ТККны ташып чыгаруу үчүн акы төлөө боюнча квитанциялар жеткирилбейт, бардык маалыматты телефон же WhatsApp аркылуу биле аласыздар.

Ленин районунун, анын ичинде "Чоң-Арык" айылынын жашоочулары үчүн: 0559980102;

Биринчи май району: 0999833810;

Свердлов району: 0771737050;

Октябрь району: 0312586051 "КомТрансКом"- ишканасы (бул номурда WhatsApp дагы бар).

Сиз жөн гана аты-жөнүңүз жана жашаган дарегиңиз боюнча, же мурунку квитанция боюнча төлөм жүргүзүүңуз керек, анткени таштанды жыйноо үчүн, белгиленген тариф бар: бир адамга 22,5 сом, пенсионерлерден 6 сом.

Урматтуу шаардыктар! Сиздин райондо тазалык жана тартип үчүн, төлөмдү өз убагында жүргүзүүнү суранабыз. Биз күн сайын, таштандыларды үзгүлтүксүз алып чыгабыз, кызматкерлер эмгек маянаны алуусу керек.

Төлөмдөрдү кабыл алуу "Бакай Банк", "Оптима-Банк", "АйылБанк", "Керемет Банк" банктары, "ПЭЙ-24", "BM-Technologies"-Умай, "Квикпей", "ОСМП", "Теремпей", "Кыртелсат", Элсом О! Акча, Balance.kg терминалдар жана электрондук капчыктар жана  "Бишкек почтамт" почталык бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.

Бишкек-сүйүктүү таза шаарыбыз!