Борбордун клумбаларында"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишкананын эмгекчил кызматкерлери тарабынан,  былтыр күзүндө тигилген тюльпан гүлдөрү акырындан гүлдөй баштады.

Жазгы гүлдөр кооздугу, ар түрдүү түсу жана сорту  менен шаардыктарды сүйүндүрөт. Кызыл, ак, кызгылтым, сары, кызгылт көк өңдүү гүлдөрдү байкоого болот. Бул жылы борборубуздун клумаларында 10 сорттун 185 миң баш тюльпаны пайда болду. Алар Курманжан Датканын эстелигинин айланасында, жаштар аллеясында, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанында, Пушкин галереясынын тегерегинде, "Театралдык" скверинде, Элдердин Достугу монументинин айланасында, КР өкмөт үйүнүн тегерегинде, Свердлов жана Октябрь акимиаттарынын имаратында, Фрунзе жана Ибраимов, түштүк магистралдагы Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөүнүн кесилиштеринде гулдөп жатышат.

Качан гана алар гүлдөп бүткөн соң, тамыры этияттык менен казылып алынып, кургатылып кийинки күздө кайрадан клумбаларга тигилет.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерди аларга этият мамиле кылууңуздардысуранабыз. Уурдоого шектүү бирөөнү байкасаңыз, милицияга же  "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына 0709399977 номуру боюнча кайрылууңузду өтүнөбүз.

Бишкек-сүйүктүү гүлдөгөн шаарыбыз!