Кыргызстандагы коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчөтүлүлуп, борбордо коменданттык саат киргизилди.

Бишкеки күнү-түнү доктурларр, эпидемиологдор, күч жана укук коргоо структураларынын кызматкерлери, ошондой эле шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери коргошууда.

Көптөгөн кайдыгер эмес жарандар колдоо сөздөрүн жазып, ушул мезгилде борбор калаага жардам берүүгө аракет кылып жатышат.

Шаардын курулуш ишканаларынын бири акимиаттын кызматкерлерине жана райондук кызматтарга санитардык топтомдор менен камсыздашты. Ар бир районго 50 коргоочу костюм, 300 маска жана 20 литр антисептик берилген.

Коргоочу шаймандар обсервация жана жаңы келген шаардыктарды тосуп алуу түйүндөрүндө нөөмөттө  турган кызматкерлер арасында бирдей бөлүштүрүлгөн.

Ушундай эле топтомдор медиктерге, күч жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ӨКМнин кызматкерлерине тапшырылды.

Белгилей кетсек, бул ишкана медициналык мекемелердин кызматкерлерин ташуудагы күйүүчү-майлоочу майлар, анын ичинде бензин жана дизель менен камсыз кылууда.

Бишкек шаарынын мэриясы кайдыгер эмес шаардыктарга, ишкерлерге, кыйын убакытта жардамын сунгандыгы үчүн, терең ыраазычылык билдирет!

Эскерте кетсек, райондук штабдар иштеп жатат, алар тамак-аш, дары-дармек жана кароого муктаж адамдарга жардам берип жатышат.

Урматтуу Бишкектиктер! Райондук акимиат чалып, же WhatsApp номуру аркылуу байланышсаңыздар болот. Кошуналарыңыз менен маалымат бөлүшүңүздөр.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!