Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын (СЭИ) тапшырмасы боюнча, ТККНЫ ташып чыгаруучу жеке компаниялар: "АКЦИЯСЫНА", "КомТрансКом", "АБ Транс Групп" жана "Эко Сити", Бишкек шаарынын аймагындагы таштанды бактардын жана ташуучу атайын унаалардын дезинфекциясын жүргүзөт.

"ДКС" ишканасы 24 кварталда 24 таштанды салуучу контейнерин кеңири дезинфекциялоодон өткөрдү: Абдрахманов көчөсүндө - 7, Үсөнбаев менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде - 2 контейнер, Усенбаева жана Куренкеев көчөлөрүнүн кесилишинде – 2 контейнер, Усенбаев көчөсү жана ЧЧКнын кесилишинде - 3 контейнер, калган таштанды салуучу контейнерлер Ибраимов көчөсүн бойлой жайгашкан. Ошондой эле, карантин учурунда иши уланып жаткан: соода үйлөрү, мамлекеттик кызматтардын мекемелери тазаланууда.

Ошондой эле борбор калаанын жаңы конуштарында дезинфекция иштери жүргүзүлгөн, таштанды салуучу контейнерлер колго жуулуп-тазаланды. Белгилей кетсек, "ДКС" компаниясы №24, 57, 67, 68, 72, 77 кварталдарды жана "Ак-Жар" конушундагы 7 кварталды тейлөөгө алат.

"КомТрансКом" ишканасы Октябрь районунун аймагында жайгашкан, таштанды салуучу бактарды дезинфекциялашты, ишкананын атайын унаалары, күн сайын ишке чыгуу алдында дезинфекциядан өтөт.

"АБ Транс Групп" жана "Эко Сити" шаардын соода борборлорун, гипермаркеттерди тейлейт, ишканалар ири дүкөндөрдүн бардык таштанды салуучу бактарын жууп-тазалап, дезинфекциядан өткөрүштү.

Эске салсак, "Тазалык" муниципалдык ишканасы күн сайын көчөлөрдү, тротуарларды, таштанды салуучу контейнерлерди, аянттарды жана аялдамаларды тазалоо иштерин кеңири жүргүзүүдө.

Баардык суроолор боюнча:
"Тазалык" МИ: 344753 – Свердлов району, 345041 – Ленин району, 345113 – Биринчи май району, WhatsApp: 0555827028.
"ДКС": 677416;
"КомТрансКом": 0312 586050;
"АБ Транс Групп "жана" Эко Сити": 0777 959 573.

Бишкек-сүйүктүү таза шаарыбыз!