Кыйынчылыктарга карабастан, бул оор убакта, колдоо сөздөрүн жазып, ушул мезгилде жардам берүүгө аракет кылып жатышкан жүздөгөн адамдардын билдирүүлөрү келүүдө.

Ар бир колдоо, жылуу сөз жана жакшылык кадамы үчүн рахмат айтабыз! Кайдыгер эмес жөнөкөй жарандар, ишкерлер биз менен бирге, шаарыбыздын бул кыйын күндөрун батыраак өткөрүп жиберүүсүнө жардамын аябастан аракет кылышууда. Эми сиздерге ыраазычылык билдирүүнүн кезеги бизге да келип жетти.

Эң алгач биздин баатырларыбыз болгон дарыгерлерден, эпидемиологдордон баштайлы. Урматтуу дарыгерлер, шаардыктардын, балдардын, чоң энелердин жана чоң аталардын ден соолугу үчүн талыкпаган күрөшүңүздөр үчүн рахмат. Биз сиздерге иштөө үчүн шарттарды камсыз кылуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан шаар чегинен: Кантта, Сокулукта, Байтик айылында жана башка шаар четиндеги айылдарда жана жаңы конуштарда жашаган, дарыгерлер үчүн дагы 7 автоунаа бөлүнгөн, ал эми борбордук МСЭН эпидемиологдору үчүн 6 автоунаа бөлүнгөн. Белгилесек, бардык чыгымдар шаардык бюджеттен каралган.

Ошондой эле, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, борбордогу кичиавтобус каттамдардын айдоочулары, шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери дагы четте калбастан, күн сайын милиция кызматкерлерине жардам көрсөтүп, коменданттык саат учурунда эреже бузгандарды ИИББнин райондук бөлүмүнө жеткизүүгө транспорттук логистиканы уюштурууда. МВД үчүн 16 кичи автобус каттамы бөлүнгөн, ал эми ИИББде 20 автобус иштейт.

"АЮ" компаниясынын кызматкерлери шаардыктардын "Азиздер коому" коомунун ДМЧ менен жабыркаган 135 үй-бүлөөгө жардам көрсөтүшүп, 135 таңгак кесме азыктарын, 675 кг ун, 135 литр антисептикти акысыз өткөрүп беришкен.

"Шоро" компаниясы обсервациядагы шаардыктарды, доктурларды, эпидемиологдорду жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин ичүүчү суу менен камсыздоодо. Белгилей кетсек, ичүүчү суу жана башка азыктарды жеткирүү дайыма акысыз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, борбордук мэриянын кызматкерлери шаардыктарды жана шаарды коронавирус инфекциясынан коргоодо, ар тараптуу маалыматтык колдоо көрсөтүп жатканы үчүн Megacom ишканасына терең ыраазычылык билдирет.

Кыргыз Республикасынын Кызыл Ай Улуттук Коомунун командасынын жакшы иштери үчүн рахмат.

Урматтуу шаардыктар, волонтерлор! Ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз.  Бөлүнгөн убакыт, каражат жана  сиздердин колдоо сөздөрүңүздөргө, айрыкча, БШКнын  экс-спикери Марат Аманкуловго терең ыраазычылык билдиребиз.

Боорукердик дүйнөнү сактайт!

Урматтуу Бишкектиктер! Эгер сиз же сиздин кошунаңыз жардамга муктаж болсо, райондук акимиаттарга кайрылыңыздар:

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!