"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы борборук көчөлөрдун тышкы жарыктандыруу тармагын модернизациялоо боюнча ишин улантууда. Биз жаңы электр берүү линияларын жүргүзүү жана чырак жабдууларды орнотуу менен гана эмес, ошондой эле эски жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешине дагы көңүл буруудабыз.

№7, №11 кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы айрым шам чырактарды оңдодук, ошондой эле №6 кичирайонундагы №40/1, 39/1, 38/1 уйлөрүнүн жанына 2 жаңы шам чырак    кронштейнерлери менен кошо орнотулду.

Эми Токмакский көчөсундө, шаардыктар үчүн күчтүү жарык берүүчү чырактар коюлду, Калинин жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде 25жарык чырагы орнотулуп, миң метрден ашык аба электр берүү чубалгылары жүргүзулгөн.

“Бишкекжарык” ишканасы Ленин районундагы кичи көчөлөрдү дагы жарыктандырды:
Славгородский көчөсүндө;
Купянский көчөсүндө;
Хоперский көчөсүндө;
Некрасов көчөсүнөн Алтымышев көчөсунө чейин, Красный көчөсүндө;
Алтымышев көчөсүнөн Циолковскийге чейинки 7-чи линия көчөсүндө;
Алтымышев көчөсүнөн Балтагулов көчөсүнө чейин 2-линия көчөсундө;
Алтымышев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин 3-линия көчөсүндө;
Тыныбеков көчөсүнөн Матыев көчөсүнө чейин Тамбовский көчөсүндө;
Тыныбеков көчөсүнөн Матыев көчөсүнө чейин Кочкорский көчөсүндө;
Абаканский  көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин Архангель көчөсүндө.
Матыев көчөсүнөн Тыныбеков көчөсүнө чейин Люксембург көчөсүундө.

Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныз болот.

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!