"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордун төрт районунун көчөлөрүн, тротуарларын, аялдамаларын, таштанды аянтчаларын дезинфекциялашууда.

Биринчи Май районунда 25тен ашык көчө дезинфекцияланды, анын ичинен 9 көчө колго тазаланды. Ошондой эле, 191 контейнердик аянтча, миңден ашык таштанды салуучу бак жана 195 аялдама атайын тазалоодон өттү. Жашыл зонаны эске алуу менен, Дубовый, Панфилов сейил бактарында жана эски аянттын сейилдөөчү жолдору дагы кылдаат тазаланды.

Ленин районунда 40ка жакын көчө тазалоодон өтту. Ошондой эле 197 контейнердик аянтча, 1095 бак, 164 аялдама, урналар, тепкичтер, отургучтар, эстеликтер дезинфекциядан өткөрүлду. "Чоң-Арык" айылында 6 көчө, 79 контейнердик аянтча, 563 бак жана 64 аялдама тазаланды.

Свердлов районунун аймагында 25 көчө, алардын жетөө кол менен дезинфекцияланды, ошону менен бирге 187 контейнердик аянтча, 1149 бак жана 229 аялдамада тазалоо жүргүзүлдү.

Октябрь районунда 15 көчө жана таштанды салуучу бактар менен аялдамалар санитардык аралашма менен жуулду.

Жолдорду, гүлзарларды жана борбордун сейил бактарынын тротуарларын жууп тазалоону улантабыз.Кабатыр болбоңуздар, жашыл бөлүгүн сактап жатабыз!

Бул жолу дезинфекция иштерине “Тазалыктын” 54 кызматкери, 24 сугарып-жуучу унаа жана "Беларус" кичи-тракторлору менен тартылган болчу. Жууп-тазалоо үчүн Мамлекеттик санэпидемемиялык көзөмөлүнүн алдында кальций гипохлорит эритмеси колдонулууда.

Кеңири дезинфекция улантылат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!