Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов конокторду майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, үйбүлөлүк бакыт, тынчтык, биримдик жана бакубат жашоо каалады.


«Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бүгүн Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын алганына 24 жыл толуп, ата-бабабыз эӊсеп келген эркин мамлекетте жашап жатабыз. Эгемендүүлүк күнү – элибиздин эркиндигинин, биримдигинин жана теӊчилигинин символу»,-деди мэр.


Расмий бөлүгүнөн кийин чакырылгандар үчүн бий жамааттарынын, симфониялык оркестрлердин жана театр актерлорунун катышуусунда театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.