Бүгүн түнү Бишкек шаарында жылуулук берүү мөөнөтү аяктайт. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбордун жылытуу сезонунун аякташы тууралуу буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, апрель айына алынган узак мөонөттүү аба ырайын эске алуу менен Бишкек шаарында 2019-2020-жылдын жылытуу сезону 2020-жылдын 4-апрелинен тарта аяктады деп саналат.

Бишкек шаарынын ЖЭБине, "Бишкек жылуулук тармагы" ААКга, "Бишкекжылуулукэнерго" КИГЕ жана ведомстволук котельныйлардын жетекчилерине борбордун ишканаларын жана имараттарын жылуулук менен камсыздоочу техникалык жабдууларды өчүрүү боюнча, иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Сурап-билүү:

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы": (0312) 21-28-47, (0312) 212844.

"Бишкекжылуулуктармагы" ААКнын телефон номурлары:

- (0312) 61-11-69-кардарларды колдоо борбору;

- 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун кезектеги инженери;

– 51-06-22, 21-74-06-Түштүк райондун кезекчи инженери;

- 56-85-58-диспетчердик кызмат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!