Мобилдик медициналык бригадалардын саны көбөйөт, бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлгөн ыкчам жыйында билдирди.

Калаа башчысы вируска шектүү адамдарды аныктоо боюнча иштерди тездетүү жана дарыгерлер менен эпидемиологдор үчүн шарттарды түзүү, башкы багыттар экендигин айтты. Белгилей кетсек, учурда ҮМБ райондук акимиаттар менен биргеликте башка өлкөлөрдөн келген жарандар менен күчөтүлгөн тартипте, текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Эми ар бир ҮМБлордо мобилдик топтор көбөйтүлөт. Мурда бизде ҮМБнун доктуру жана МСЭКнүн эпидемиолог кызматкеринен түзүлгөн 10 бригада бар болсо, эми мындан ары ар бир командага, скрининг-тесттерди (экспресс-тесттер, ПЦР) өткөзө турган лаборант кошулат.

Ошондой эле, КР Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү боюнча мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Ташпаева алгачкы диагноздоо боюнча аракеттердин алгоритмин көргөздү: "Бейтап –байланыш-борбору – саламаттык сактоо уюму".

Эми шаардыктар 6-апрелден тарта, КР саламаттык сактоо министрлигинин - 118 ыкчам байланыш кызматы аркылуу, таажывирус инфекциясы боюнча медициналык консультация ала алышат, ординатор-операторлор ыкчамдуу түрдө, телефон аркылуу эпидемиологиялык анамнез чогултушат, инфекцияны аныктоодо коркунуч жаралса, ал жерге уюлдук бригада жиберилип, КР саламаттык сактоо министрлигинин оперативдүү штабына маалымат жөнөтүлөт.

Урматтуу шаардыктар! 118 ыкчам байланыш кызматы 6-апрель дүйшөмбүдөн тарта иштеп баштайт. Өтүнөбүз, төмөнкү учурларда бизге чалыңыздар:

Акыркы 30 күндүн ичинде башка өлкөдөн келген болсоңуз;
Өлкөнүн эпидемиологиялык аймактарына каттасаңыз;
COVID19 инфекциясына чалдыккан адам менен тыгыз байланышта болгон болсоңуз;
Обсервация мекемелеринде же үй карантинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болсоңуз;
Симптомдорду байкасаңыз: жөтөл башталып, демиңиз кысылса, дене табыңыз жогору болсо.

Шаар тургундары үчүн 118 ыкчам байланыш номуру 6-апрелден тарта иштеп баштайт.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!