Райондук штабдар көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана пенсионерлерге материалдык жардам көрсөтүү боюнча күчөтүлгөн ишти улантууда. Шаардыктарга бир катар кайрымдуулук фонддор даректүү жардам көрсөтүүдө, бул колдоону каттоосу жок борбор калаанын жашоочулары жана убактылуу жумушсуз калгандар алышат.

"Ак-Босого" жаңы конушунун жүздөн ашуун муктаж үй-бүлөсү, Human Appeal International U. Е. А. эл аралык гуманитардык коомдун филиалынан тамак-аш азыктары салынган себеттерди алышты.

Кечээ "Арча Бешик" жана "Дордой"конушунун муктаж болгон үй-бүлөлөрү 200 азык-түлүк себетин алышты.

Азык-түлүктөрдү жеткирүү уланууда, жакынкы мезгилде дагы 600 үй-бүлө гуманитардык жардам алышат.

Эскерте кетсек, жакында "Ас-С,афа борбор" Кувейт кайрымдуулук фонду да миңдеген үй-бүлөөлөргө азык-түлүк топтомдорун өткөрүп берген.

Муктаж шаардыктардын тизмеси муниципалитеттин социалдык өнүгүү башкармалыгы, райондук акимиат, ошондой эле шаардык муниципалитетке караштуу волонтерлордун штабы тарабынан түзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы кыйынчылык убакытта жардам көрсөтүп жааткан, эл аралык уюмдарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет!

Эске салсак, райондук штабдар иштеп жатат, алар тамак-аш азыктарына, дары-дармектерге муктаж болгон адамдарга жардам көрсөтүшүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Райондук акимиаттарга чалып же WhatsApp номуруна жазыңыздар. Кошуналарыңыз менен маалымат бөлүшүңүздөр.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!