Бишкек шаарынын мэриясынын командасы муктаж болгон шаардыктарга күчөтүлгөн тартипте жардам көрсөтүүнү улантууда.

Мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасы боюнча, борбордун жарандарына жардам берүүчү райондук штабдарды түзүлгөн. Райондук акимиаттар жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн, кары-картаңдар, коп балалуу, аз камсыздалган жана ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлугү чектелген жарандардын тизмесин түзушкөн. Тизме райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарынын маалыматтык базасында, үй жана кварталдык комитеттердин төрагалары аркылуу МАБДАР менен такталып түзүлгөн.

Эскерте кетсек, КР Мамлекеттик материалдык резервдер фонду шаарга 300 тонна ун берген. Ун шаардын төрт районуна 75 тонна же 1500 каптан бөлүнүп, жергиликтүү кампалар уюштурулган.

Учурда, акимиаттын кызматкерлери гумжардамды ар бир үй – бүлөөгө, бир каптан ун жеткизүү иштерин жүргүзүудө.

4-апрелге карата Биринчи май району боюнча 710 муктаж үй-бүлө бир мүшөктөн ун алышты, Ленин району боюнча - 386 үй-бүлөө, Октябрь районунун аймагында жашаган - 636 үй-бүлө жана Свердлов районунун 1 миң 186 үй-бүлөсү. Ун бөлүштүрүү уланып жатканына байланыштуу, бул сандар өсүүдө.

Жардам сурап кайрылуу үчүн, райондук штабдардын номурлары:

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!