"Коломбо" муниципалдык мекемесинде 70 жаран убактылуу баш калкалоодо, ал эми Октябрь районунун башпаанасында 40 адам жашайт. Өткөн жылы муниципалдык башпаана жайлары 1100 адамга жардам берген.

Башпаананын коноктору өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режимине жоопкерчилик менен мамиле кылып, шаардыктарды үйлөрүндө болууга чакырат.

Коопсуздук максатында социалдык кызматкерлер бөлмөлөрдүн дезинфекциясын күн сайын жүргүзүп, санитайзерлерди колдонуп, маска тагынышууда.

Биздин бардык коомдук мекемелер карантинге жабык, келүүгө тыюу салынган жана зарылдыгы жок борбордон эч ким чыгарылбайт.

"Коломбо" жана башка борбордун убактылуу баш калкалоочу жайлары карантинге карата жабык, келүүчүлөрдү кабыл алышат, бирок чыгууга тыйуу салынган.

Урматтуу журналисттер! Эгер сиздер дагы, шаарыбыздын муктаж болгонжарандарына колдоо көрсөтүүнү кааласаңыз, райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылыңыздар:

Биринчи Май РСӨБ - 0700 476546 Арсен Абдылдаев;

Свердлов РСӨБ - 0704 570513 Джамиляхан Джунусалиева;

Октябрь РСӨБ - 0772 670917 Рейна Султанмуратова;

Ленин РСӨБ - 0709 997441 Бүбүажар Мамбетсеитова.

Өзүңүздү сактаңыз!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!