Бүгүн, эртең мененки 8ден баштап алгачкы өз алдынча дартты аныктоо алгоритми иштей баштады: "бейтап-байланыш-борбору-саламаттык сактоо системасы".

Эми шаардыктар КР саламаттык сактоо министрлигинин - 118 ыкчам байланыш кызматы аркылуу, өз алдынча дартты аныктоо боюнча медициналык консультация ала алышат, Адистер ыкчамдуу түрдө, телефон аркылуу эпидемиологиялык анамнез чогултушат, кайрылган жарандын акыбылын кеңири иликтеп, атайын иштелип чыккан анкета толтурушат.
Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз, төмөнкү учурларда бизге чалыңыздар:
Акыркы 30 күндүн ичинде башка өлкөдөн келген болсоңуз;
Өлкөнүн эпидемиологиялык аймактарына каттасаңыз;
COVID19 инфекциясына чалдыккан адам менен тыгыз байланышта болгон болсоңуз;
Обсервация мекемелеринде же үй карантинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болсоңуз;
Симптомдорду байкасаңыз: жөтөл башталып, демиңиз кысылса, дене табыңыз жогору болсо.
Инфекцияны аныктоодо коркунучу жаралса, ал жерге дарыгер, эпидемиолог менен лаборанттын курамында уюлдук бригада жиберилип, экспресс-скрининг жүргүзүшөт.

Экспресс-тесттин жыйынтыгы боюнча бейтап ПЦРДИН вирусологиялык лабораториядагы анализинин жыйынтыгы чыкканга чейин өз үйүндө болот, укук коргоо органдары коопсуздукту камсыздайт.

Ошондой эле шаардыктардын карантиндеги кыймылын жана ден-соолугунун абалын  каттоо үчүн күндөлүк анкетасы менен мобилдик тиркеме иштелип чыккан. Эми, ар бир жаран карантин боюнча, SMART-көзөмөл астында турат.

Өз алдынча дартты аныктоо боюнча байланыш кызматы эртең мененки 8ден кечки 19га чейин иштейт.

Урматтуу МЕДИА кызматкерлери! Ооруга шектенүү пайда болгон учурда, шаардыктар кайда кайрыла алаарын билиш үчүн, видеороликтерди бөлүшүүнү өтүнөбүз. Алгачкы диагностика, ооруга чалдыккандардын өсүшүн токтотуп, шаардыктардын ден соолугун сактоого жардам берет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!