Бишкек шаарынын ишкерлери борбордун унаа жана жөө жүргүнчүлөрү үчүн, дезинфекциялоочу кабиналарды иштеп чыгышты.  Эки кабина Республикалык клиникалык жугуштуу оруулар ооруканасына орнотулмакчы.

Бүгүн муниципалитеттин жана КР ӨКМнин кызматкерлери тунелдерди ооруканага өткөрүп беришти, алардын бирөөсү шаардыктар үчүн болсо, экинчиси тез жардам унаалары үчүн орнотулат.

Ишкерлердин айтуусу боюнча, эки туннелдин жалпы баасы 1,5 миллион сомду тузөт.

Дезинфекциялык кабина саатына орточо эсеп менен 1 литр суюктук чыгымдайт. Анын курамы – этил спирт, суу жана глицеринден даярдалып, адамдарга зыянсыз, унаалар үчүн антисептикке хлор кошулат.

Бишкек шаарынын мэриясы жана борбордун вице-мэри Азиз Алымкулов ишкерлерге, коронавируска каршы күрөшүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Урматтуу шаардыктар! Жеке гигиенаны күчөтүп, үйүңүздөрдө болуңуздар! Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!