Борбордук мэрия шаардын муктаж болгон жарандарына жардам берүүнү улантууда. Тилекке каршы, бул катаал мезгилде жаныбарларга дагы жардам талап кылынат.

Санитардык экологиялык инспекциянын кызматкерлери "Асанбай" кичирайонундагы, реаблитациялык зоопарктагы жаныбарларга эки кап тоют алып келип, жардам беришти.

Зоопарктын кызматкеринин айтуусу боюнча, Карантиндин айынан, бир нече күн мурун жаныбарлардын тамагы калбай калган, жардам сурап кайрылгандан соң, кайдыгер эмес шаардыктар жардам көрсөтүшүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Зоопарк акшактарды, чөп, комбикорм,данек жана витаминдерди сатып алууга чогултуу иштерин улантууда. Эгер сиздер да, жаныбарларга жардам бергиңиздер келсе, зоопарктын администрациясына @zoobishkek.kg инстаграм баракчасы аркылуу кайрылууну өтүнөбүз.

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!