Шаардык кызматтар шаарды көрктөндүрүүнү улантышууда.  Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэри А.Суракматовдун тапшырмасы боюнча, өткөн жылдан баштап тротуарлардын жана веложолдордун курулуш иштери кеңири башталган.

Азыркы учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, борбор калаада шаардыктардын велосепед менен ыңгайлуу жүрүүсү үчүн стратегиялык жактан маанилүү веложолдорду курушууда.

Борбор калаанын так ортосунда жайгашкан веложол менен тротуар, "П"-түрундө курулуп, түштүк менен түндүктү бириктирет. Азыр болсо, Исанов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин Чүй проспектиси боюнча асфальт төшөлүп жатат. Белгилесек, курулуш иштери менен бирге, жол белгилерди жаңылоо, ошондой эле чуңкурларды оңдоо иштери жүрүүдө.

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишкананын долбоору боюнча, Ахунбаев көчөсүнөн, Чүй проспектисине чейин, Манас проспектисинде чыгыш тарабына тротуар жана веложол салынып, батыш тарабына жалпы узундугу узундугу 3,7 км болгон, тротуар төшөлөт.

Манас проспектисинен, Чүй проспектиси боюнча Байтик Баатыр көчөсүнө чейин тротуар жана узундугу 1,8 км болгон веложол курулат.

Чүй проспектинен тарта Ахунбаев көчөсүнө чейин Байтик Баатыр көчөсүн бойлой, батыш тарабынан тротуар жана веложолго, ал эми чыгыш тарабынан тротуарга орун бөлүнгөн.

Тротуар жана веложолдун жалпы узундугу 18,4 км.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын башчысы Нурбек Чолпонбаевдин айтымында, курулуш жана жол иштери үзгүлтүксуз план боюнча жүрүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Жолдорду оңдоо маселелери боюнча, төмөнкү номурга чалыныздар: 0555 888 161.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!