Санэпидкөзөмөлдүн адистери Бишкек шаарынын шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратын атайын аралашма менен тазалап чыгышты.

Жалпы аянты 15 миң чарчы метрди түзгөн имараттын бардык бөлмөлөрү, коридорлору жана жакын аймактары толугу менен тазаланды.

Кабатыр болбоңуздар! Аралашма адамдардын ден соолугу үчүн коопсуз болуп саналат.

Белгилей кетсек, дезинфекциялоо аралашмасы мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы санитардык врачы Айгүл Бейшеналиеванын көзөмөл астында даярдалат.

Даярдоо үчүн, 100 грамм гипохлорит кальций менен 10 литр суу катышы колдонулуп, концентрация адамдарга зыян келтирбейт.

Биз дезинфекция иштерин күчөтүлгөн тартипте улантабыз. Аралашма менен нымдуу тазалоо жүргузүлуп, зыянсыздандырылып жана тез арада кургап бактерияларды жок кылат. Дезинфекциялоо башка бактериялардын түрлөрүнө да каршы колдонулат. Тазалоодон соң, шаардыктар бут кийиминин таманы менен инфекцияны үйлөрүнө алып киришпейт.

Урматтуу шаардыктар! Сиздер үчүн Бишкек шаарынын МСЭКБ тарабынан күнү-түнү тынымсыз байланыш кызматы ишин баштады, төмөнкү телефон боюнча чалыңыздар: 0 (312) 54 45 46;

WhatsApp: 0550 920241

Бишкек-сүйүктүү таза шаарыбыз!