Кечээки үндөн тартып, "бейтап-байланыш-борбору-саламаттык сактоо системасы" өз алдынча дартты аныктоо алгоритминин алкагында,  КР саламаттык сактоо министрлигинин - 118 ыкчам байланыш кызматы ишин баштаган.

Бир сутка ичинде, 118 кызматына 290 чалуу келип түштү, шаардыктар толугу менен медициналык консультация алышты жана телефон аркылуу атайын иштелип чыккан анкета толтурушту.

Дарыгер, эпидемиолог менен лаборанттын курамында уюлдук бригада 147 дареке пландуу барууларды жүргүзгөн жана жеринде консультация берген.

Ошондой эле, 66 шаардын тургундарынын телефондоруна, үй карантинде кыймылдарды фиксациялоо үчүн мобилдик тиркеме орнотулган, алар күн сайын ден-соолугунун абалы тууралуу анкетаны толтурушат. Эми бишкектиктер SMART-көзөмөл астында болушат.

Урматтуу шаардыктар! Биз сиздерге кызматташтык жана чынчылдык үчүн ыраазычылык билдиребиз! Пандемиянын өсүшүн биргеликте токтотобуз! 118 ыкчам байланыш кызматы эртең мененки 8ден кечки 19га чейин иштейт. Өтүнөбүз, төмөнкү учурларда бизге чалыңыздар:

Акыркы 30 күндүн ичинде башка өлкөдөн келген болсоңуз;
Өлкөнүн эпидемиологиялык аймактарына каттасаңыз;
COVID19 инфекциясына чалдыккан адам менен тыгыз байланышта болгон болсоңуз;
Обсервация мекемелеринде же үй карантинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болсоңуз;
Симптомдорду байкасаңыз: жөтөл башталып, демиңиз кысылса, дене табыңыз жогору болсо.

Инфекцияны аныктоодо коркунучу жаралса, ал жерге врач, эпидемиолог жана лаборанттын курамында мобилдик медициналык бригада тез арада жиберилип, үйүндө экспресс-скрининг жүргүзүшөт. Бардык кызматтар акысыз!

Экспресс-тесттин жыйынтыгы боюнча бейтап ПЦРДИН вирусологиялык лабораториядагы анализинин жыйынтыгы чыкканга чейин өз үйүндө болот, укук коргоо органдары коопсуздукту камсыздайт.