"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордун төрт районунун көчөлөрүн, тротуарларын, аялдамаларын, таштанды аянтчаларын дезинфекциялоо иштерин улантууда.

Биринчи Май районунда 25 көчө жана "Ак-Босого" конушу дезинфекцияланып, 191 контейнердик аянтча, 1053 таштанды салуучу бак жана 195 аялдама атайын тазалоодон өттү. Ошондой эле, адистер республикалык инфекциялык клиникалык оорукананы кайрадан дезинфекциялашты.

Ленин районунда 20га жакын көчө тазаланды. Дезинфекциядан 197 контейнердик аянтча, 1095 бак, 164 аялдама, ошондой эле урналар, тепкичтер, отургучтар, эстеликтер өткөрүлду.Ч.Айтматов проспектиси, Б. Баатыр, Масалиев жана Семетей көчөлөрү дезинфекцияланды, "Чоң-Арык" айылында 6 көчө, 79 контейнердик аянтча, 563 бак жана 64 аялдама тазаланды. “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде дагы тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Свердлов районунун аймагында  жайгашкан Жибек-Жолу проспектисинде, Ауэзов, 7-апрель көчөлөрүндө, “Ак-Бата”, “Дордой-1”, “Дордой-2” “Келечек” “Эне-Сай” “Ак-Тилек” “Бакай-Ата” конуштарында жана “Учкун” кичи районунда, Кызыл куруучу, куруучулар жана энергетиктер шаарчаларында жалпы 187 контейнердик аянтча, 1149 бак жана 229 аялдамада тазалоо жүргүзүлдү.

Октябрь районунда 20 көчө, 371 таштанды салуучу бак жана 361 аялдама санитардык аралашма менен жуулду. Дезинфекция "Кара-Жыгач", "Көк-Жар", "Алтын-Ордо", "Рухий - Мурас" конуштары, №8, №9, №11, №12, "Тунгуч"жана " Улан" кичи райондору боюнча да жүргүзүлдү.

Бул жолу дезинфекция иштерине “Тазалыктын” 35 кызматкери, 17 сугарып-жуучу унаа жана "Беларус" кичи-тракторлору менен тартылган болчу. Жууп-тазалоо үчүн Мамлекеттик санэпидемемиялык көзөмөлүнүн алдында кальций гипохлорит эритмеси колдонулууда. Кенен маалыматты http://meria.kg/ru/post/20094 шилтемеси аркылуу билсеңиздер болот.

Белгилесек, дезинфекциялоо иштери Бишкек шаарынын комендатурасынын буйругу менен жүргүзүлүүдө.

Кеңири дезинфекция иштери улантылат.

Бишкек-сүйүктүү таза шаарыбыз!