Азиз Суракматовдун тапшырмасы боюнча муктаж жарандарга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү үчүн райондук штабдар түзүлгөн. Ар бир район боюнча абдан көп чалуулар болгондуктан, биз кошумча байланыш номурларды иштей баштады.

Борбордук мэриянын www.meria.kg расмий сайтында “Помощь горожанам/Шаардыктарга жардам"  атайын тиркемеси киргизилди, мында ар бир муктаж болгон үй-бүлө билдирме калтырып, жардам ала алат.

Урматтуу шаардыктар! Сиздер болгону мэриянын www.meria.kg  сайтына кирип, дароо эле “Помощь горожанам/Шаардыктарга жардам" деген жазуусу менен кызыл тортбурчтук аркылуу, же төмөнкү http://www.meria.kg/ru/helps шилтемеге өтүңүздөр.

Шилтемени басуу менен, беш суроолу анкетаны толтуруу керек:

1.Аты-жөнү;
2.Паспорт боюнча ИНН;
3.Телефон номуру;
4.Дареги;
5.Сиздин билдирүү. Бул бөлүмдө жардам көрсөтүү үчүн өтүнмө берүүнүн себебин же башка маанилүү маалыматты көрсөтүү керек. Сизде абалды ырастоочу документтер бар болсо, аларды тиркөө керек.

Мэриянын штабдары сиздин арызды ыкчам карап чыгып, жардам көрсөтүү үчүн шаардыктардын тизмесине киргизет.

Эскерте кетсек, биз үч багыт боюнча жардам көрсөтүүдөбүз: райондук социалдык коргоо башкармалыгынын, бир катар араб өлкөлөрүнүн кайрымдуулук фонддордун колдоо багыттары боюнча, ошондой эле борбордун ишкерлери тарабынан түзүлүп жаткан азык-түлүк себеттерин таркатуу багыты. Азыктарды жана биринчи зарылдыктагы товарларды жеткирүү тизмелер боюнча так жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Эгер сиз же сиздин кошунаңыз жардамга муктаж болсо, райондук акимиаттарга кайрылыңыздар:

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!