"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордун төрт районунун көчөлөрүн, тротуарларын, аялдамаларын, таштанды аянтчаларын дезинфекциялоо иштерин улантууда. Кечээ шаардын бир катар жаңы конуштарын кеңыри тазалоо жүргүзулдү, кененирээк: http://meria.kg/ru/post/20098

Биринчи Май районунда 27 көчө дезинфекцияланып, 191 контейнердик аянтча, 1053 таштанды салуучу бак жана 195 аялдама атайын тазалоодон өттү. Ошондой эле, адистер республикалык инфекциялык клиникалык оорукананы, Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги, жер астындагы өтмөктү кайрадан дезинфекциялашты.

Ленин районунда 37ге жакын көчө тазаланды. Дезинфекциядан 197 контейнердик аянтча, 1095 бак, 164 аялдама, ошондой Ош базар жана жер астындагы өтмөк өткөрүлду.Ч.Айтматов проспектиси, Б. Баатыр, Масалиев, Кожобергенов, Жеңиштин 50 жылдыгы жана Семетей көчөлөрү дезинфекцияланды, "Чоң-Арык" айылында 79 контейнердик аянтча, 563 бак жана 64 аялдама тазаланды. “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде дагы тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Свердлов районунун аймагында  жайгашкан 15 көчө, 187 контейнердик аянтча, 1149 бак жана 301 аялдамада тазалоо жүргүзүлдү.

Октябрь районунда 4 көчө, 371 таштанды салуучу бак жана 361 аялдама санитардык аралашма менен жуулду. Дезинфекция №6, №11 кичи райондору боюнча да жүргүзүлдү. Тазалоо “КомТрансКом” компаниясы тарабынан жүргүзүлдү.

Бул жолу дезинфекция иштерине “Тазалыктын” 37 кызматкери, 18 сугарып-жуучу унаа жана "Беларус" кичи-тракторлору менен тартылган болчу. Жууп-тазалоо үчүн Мамлекеттик санэпидемемиялык көзөмөлүнүн алдында кальций гипохлорит эритмеси колдонулууда. Кенен маалыматты http://meria.kg/ru/post/20094 шилтемеси аркылуу билсеңиздер болот.

Белгилесек, дезинфекциялоо иштери Бишкек шаарынын комендатурасынын буйругу менен жүргүзүлүүдө.

Кеңири дезинфекция иштери улантылат.

Бишкек-сүйүктүү таза шаарыбыз!