Бул жылы апрель айы шаардыктарга өзгөчө маанай тартуулады, узакка созулган жылуу аба-ырайынан кийин, күтүүсүздөн кар жаады.

Туруксуз аба-ырайына байланыштуу шаар ичинде катуу шамал болуп, бак-дарактар кулады, бактыга жараша жабыркагандар болгон жок. Көптөгөн жылдар бою шаардын дарактар фонду жаңыланбагандыктан, сыртынан соо көрүнгөн, бирок ичи чирип калгандыктан, тамырлар катуу шамалга туруштук бере албастан кулап баштаган. Кээ бир жаңы пайда болгон, жаш бутактарда кар тоңуп калгандыктан, оордук жаратып сынып кеткен.

Азыркы учурда көчөлөрдө дэээрлик 160 кишиден турган, 24 мобилдүү бригада иштеп жатат. Жолдордун, унаалардын, тротуарлардын үстүнө кулаган бактарды жыйноодо. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын авариялык бригадалары чалуулар боюнча, барып жатышат. "Тазалык", "Бишкекжарык", "Бишкекасфальтсервис" бригадалары жардамга келишти.

Урматтуу шаардыктар! Эгер жыгылган бак-дарактарды көрсөңүз: 0770 830006 номуруна чалыңыздар.

Башка көйгөйлөр болгон учурларда кайрылуу үчүн, төмөнкү пайдалуу номурларды дагы сактап коюңуздар. Биз ар дайым байланыштабыз.

Эгер cуу маселеси боюнча ар кандай кыйынчылыктар жаралса, "Бишкексууканал" ӨЭБсына төмөнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар:

- “Бишкексууканал” ишканасынын борбордук диспетчердик кызматы: 56-03-20;
-Үй ичиндеги туйүндөр боюнча суроо-талаптар үчүн байланыштар: 54-42-45, 54-42-44;
-Сырткы түйүндор боюнча арыздарды кабыл алуу: 44-95-97, 44-96-45.
-“Бишкексууканал” ишканасынын 0770 838 458 Whatsapp номуру аркылуу сүрөт жиберсеңиздер болот.

Шаардыктардын үйлөрүндөгү электрэнергиясына жана жылуулук менен камсыздалышына "Түндүкэлектр" ААКсы жооп берет. Күнү-түнү байланыш борбору: 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209.

Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныз болот.

“Бишкекгаз” филиалынын авариялык-диспетчердик кызматы: 104, 43 71 69, 53 01 58

"Бишкекжылуулуктармагы" ААКнун кардарларынын колдоо борбору 1980, 611169. Шаардыктарды жылуулук менен камсыздай турган "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын 490086 номуру иштейт.

Лифт бузулган учурда 437848, 0553658179 телефон номурларына чалыңыздар.

Санитардык тазалоо иштерине байланыштуу маселелер боюнча төмөнкү номурларга кайрылыңыздар:
Свердлов району – 344753;
Ленин району – 345041;
Биринчи май району – 345113;
WhatsApp: 0555827028.
Октябрь району – 0312586050.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!