Биринчи май району боюнча Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлорунун кезектеги текшерүүсүндө Тынчтык проспектиси №52 дарегинде жайгашкан К.Көлбаев атындагы БУЖКнын кызматкерлери аталган колледждин түндүк тарабына курулуш таштандыларын башаламан таштагандыгы аныкталды.


Аталган иш боюнча материалдар Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кезектеги жыйынында техникумдун директоруна 10 миӊ сом айып салынды.