Бул жылы апрель айы шаардыктарга өзгөчө маанай тартуулады, түн ичинде борборубуз аппак карга бөлөнгөн. Бактыга жараша, узакка созулган жана катуу суук күтулбөйт, жакын арада абанын температурасы +21 градуска чейинжогорулашы күтүлүүдө. Ал эми азырынча биз менен карга оролгон Бишкекте виртуалдык сейилдөөнү сунуштайбыз.

Атайын шаардыктар үчүн биз  ак карга бөлөнгөн апрелдин фоторепортажын даярдадык.

Урматтуу коллегалар, достор! Үйүңүздөрдө, жылууда калганыңыздар үчүн рахмат айтабыз! Шаардык кызматтар сиздердин үйдө көңүлдүү убакыт өткөрүүңүз үчүн, бардык күч-аракетин жумшайт.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!