Туруксуз аба-ырайына байланыштуу шаар ичинде катуу шамал болуп, бак-дарактар кулады, бактыга жараша жабыр тарткандар болгон жок. Көптөгөн жылдар бою шаардын дарактар фонду жаңыланбагандыктан, сыртынан соо көрүнгөн, бирок ичи чирип калгандыктан, тамырлар катуу шамалга туруштук бере албастан кулап баштаган. Ал тургай,кээ бир жаңы пайда болгон, жаш бактардын бутактарында кар тоңуп калгандыктан, оордук жаратып сынып кеткен.

Кечээ 69 бак-дарак кулап, 53 бутак сынып, алардын ичинен 14ү чоң бутактар жана 200ү майда бутактар. Бак-дарактар 18 унааны басып калган.

Жалпы “Бишкекжашылчарбанын” 160 кызматкери 15 даана техника менен иштешти. Ошондой эле"Тазалык", "Бишкекжарык", "Бишкекасфальтсервис" ишканаларынын бригадалары көмөк көрсөтүп, Тазалыктын 32 кызматкерди 11 атайын техника менен тартылды.

Кардан улам, элекр чубалгыларында көп көйгөйлөр жаралгандыктан, “Бишкекжарык” ишканасынын авариялык бригадалары 32 туташуунун бузулуусун жана 4 кыска замыканияны оңдоп, кулаган 2 карагайды калыбына келтиришти. Бүгүнкү күндө 47 туташууну оңдоо жана 26 кыска замыканияны жоюу пландаштырылууда.

Жолдордон, тротуарлардан жана кар көчкүнүн кесепеттеринен бутактарды тазалоо иштери улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Эгер жыгылган бак-дарактарды көрсөңүз: 0770 830006 номуруна чалыңыздар.

Өтүнөбүз! Сак болуңуздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!