Урматтуу шаардыктар! Кар зымдарга тоңуп, жабышып калгандыгынан улам, эртең менен 118 ыкчам байланыш кызматы убактылуу иштебей калган.

"Кыргызтелеком" ишканасынын кызматкерлери байланышты оңдоп, эми 118 кызматы толугу менен өз калыбында, таңкы саат 8:00дөн, кечки саат 19:00гө чейин иштейт. Текшерүү жана чалуу акысыз.

Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз, төмөнкү учурларда бизге чалыңыздар:

Акыркы 30 күндүн ичинде башка өлкөдөн келген болсоңуз;
Өлкөнүн эпидемиологиялык аймактарына каттасаңыз;
COVID19 инфекциясына чалдыккан адам менен тыгыз байланышта болгон болсоңуз;
Обсервация мекемелеринде же үй карантинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болсоңуз;
Симптомдорду байкасаңыз: жөтөл башталып, демиңиз кысылса, дене табыңыз жогору болсо.

Адистер анемнез түзүп,анкета толтуруп жагдайга жараша, ал жерге врач, эпидемиолог жана лаборанттын курамында мобилдик медициналык бригада тез арада барып, үйүндө экспресс-скрининг жүргүзүшөт. Бардык кызматтар акысыз!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!