2020-жылдын 1-апрелинен тартып, бүгүнкү күнгө чейин мэриянын атайын эсебине 2 миллион 711 миң 209 сом келип түшкөн. Кайдыгер карабаган шаар тургундарынын, ишкерлерлеринин, коомдук жана саясий ишмерлернин жана Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери тарабынан, шаардын таажынавирс оорусуна каршы күрөшүүгө карата көргөзүлгөн каржылык жардам.

Каражат зарыл болгон, антисептиктерди, шприцтерди, коргоочу кийимдерди, көз айнек, мээлей, жана башка дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алууга багытталат, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жумшалат.

Биз шаар үчүн, бул кыйын мезгилде бардык четте калбастан, жардам сунгандарга ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет.

Эске салсак, эпидемиялык кырдаалга байланыштуу, борбор калааны вирустук инфекциядан коргоо үчүн, шаарда ыктыярдуу жыйымдар үчүн бирдиктүү эсеп ачылган. Атайын эсептен каражаттарды пайдалануу боюнча биргелешкен чечимдер кабыл алынат!

Атайын эсеп: 4402061213012249
ИНН: 01710199610068
БИК: 440001
Төлөм коду: 14411100

Толук маалымат: 0777 119771, 0755 00177

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!