Кечээ Бишкекте жааган кардан жана катуу шамалдын кесепетинен улам, бак-дарактар кыйрап, 18 унаа жабыркаган.

Унаанын ээси эмне кылышы керек?

Урматтуу айдоочулар, биринчи кезекте коопсуздук үчүн эч кандай коркунуч жок экенин текшерип көрүңүздөр! Адамдын жашоосу бардык нерседен баалуу болуп саналат. Баары жакшы болсо, өз алдынча бутактарды алууга шашпаңыздар, ишенимдүү алгоритмди сактоо керек:

1)Патрулдук милиция башкармалыгына байланышып жагдайды билдирүү - 102;
2)"Бишкекжашылчарба" МИсинин кызматкерлерин чакыруу - 0770 830006;
3)ПМБ унаа туура жерге токтотулгандыгы тууралуу баяндап, протокол түзөт ал эми “Бишкекжашылчарба” бак-даракты карап чыгып,кулашынын себебин аныктайт;
4)Бардык текшерүүлөр катталып, акт жана протокол шаардыктын колуна берилет;
5)Андан кийин айдоочу күнөөлүү адамды жана зыяндын суммасын аныктоо үчүн КР Жарандык кодексине келтирилген зыяндын ордун толтуруу беренеси боюнча сотко кайрыла алат.

Эске алчу нерсе, жаратылыш кубулуштар кокустук кырдаалга кирет.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыздар! Дарактардын алдында унааңыздарды токтотпоңуздар! Мегаполистин жашыл коргоосу болуп саналган, көк майданга зыйан келтирбеңиздер!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!