Урматтуу ата-энелер жана балдар!  8-апрелден тарта, 2019-2020 окуу жылынын төртүнчү чейреги башталган, окуучулар аралыктан окушат, көбүнчө ата-энелер дагы үйдөн иштешуүдө. Балдар дүйнөнү чоңдорго караганда башкача кабыл алышат, кыйын мезгилдерде аларга жардам берүү ата-энелерге кыйын экендигин эске сала кетели.  Ушундан улам балким, ата-энелер жана балдар социалдык педагогдордун, психологдордун жардамына муктаж болушу мүмкүн.

Балдарга жана алардын ата-энелерине психологиялык консультация берүү үчүн мектептик социалдык-психологиялык кызматтар күчөтүлгөн режимге өтүштү. Азыр болсо, сиз, мектептин психолог арыз жана ызы-чуу жана тынчсыздануу жолу менен талкуулап кесиптик насаат жана жетекчилик ала аласыз.

Ар бир мектептин жеке психологиялык жардам кызматы бар, психологдун жана социалдык педагогдун номурлары ата-энелердин чаттарына жиберилет.

Эскерте кетсек, борбордук мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгынын линиясы боюнча, "11 - Балдар үчүн ишеним телефону" күнү – түнү иштейт.

Өтүнөбүз чалыңыздар! Анткени, өз убагында талкууланып,чечилген кичинекей түшүнбөстүктөр жан дүйнөнүн маселесинин күчөшүн алдын алат.

Урматтуу ата-энелер! Пандемия өтөт, карантин аяктайт, сиздерден балдар менен сүйүүнүн, достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана өз ара жардам көрсөтүүнүн атмосферасында убакытты өткөрүүңүздөрдү өтүнөбүз. Тапшырмаларды, үй жумуштарын биргелешип аткаруу ата-энелер менен балдардын ортосундагы өнөктөштүк, достук мамилелерди түзүүгө мүмкүндүк берет. Суранабыз, балдарыңыздарга кам көруңүздөр, балдар биздин бактыбыз. Психолог менен сүйлөшүңүздөр, өзүңүздү жана жакындарыңызды колдоңуздар!

Ар бир мектептин психологдору тууралуу маалыматты: списки психологов.docx дареги боюнча билсеңиздер болот.

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!