Бишкек шаарынын мэриясы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардыктарга колдоо сөздөрун жазып, убакыт бөлүп, жардам берип жаткандары үчүн ыраазычылык билдирет.

Бир нече жума ичинде, шаардыктар, ири уюмдардын баштап, кичи ишканаларга чейин, баа жеткис жардам көрсөтүп, кызматкерлерге маска, коргоочу кийим, антисептик менен камсыздоодо. Айтмакчы, кызматкерлерге Бишкек шаарынын тургуну, "Банк Азии" банкынын директорлор кеңешинин төрагасы Назира Бейшеналиева 500 (!) литр санитайзер тапшырса, "Дордой" ассоциациясы үч миң масканы сатып алууга каражат бөлгөн, ал эми Жакшылык жана Мадина аттуу шаардыктар, бизге 500 маска алып келип беришти.

Айрым коомдук тамактануучу жайлардын өкүлдөрү “Тазалыктын” кызматкерлерине ысык түшкү тамак берип, ошондой эле суусундук, азык-түлүк, таттуу-тарапай таратууну улантууда.

"Чоң казат" уюму," Кайнар " ресторандар тармагы тарабынан, карантин боюнча 20-30 порциядан түшкү тамак алынып келинет. "Риха", "Аль Баракат", "АлХалал" эт азыктарын өндүрүүчүлөрү, 20 кг ашык эт, ышталган азыктарды жана нан азыктарын берип жиберишкен. Organik компаниясы 60 литр шире алып келди. Ал эми шаардын О. Ниязалиева аттуу тургуну кызматкерлерди жыты буркураган кофе жана даамдар менен бөлүштү.

Биз бул оор убакытта кайдыгер эмес, жардам берип жаткан адамдарга ыраазычылык билдиребиз! Сиздерге чоң рахмат!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!