Соцтармактарда дарыгерлердин толуп калган автобустагы сүрөтү таркаган.

Белгилесек, Бишкек шаарынын камендатурасынын буйругу жана башка келишимдер боюнча, шаардык жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы, Бишкек шаарынын мэриясынын жана райондук акимиаттардын, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерин ташуу ишин аткарат.

Борбор калаадагы медиктердин күн сайын ташылышы үчүн муниципалитет 17 маршрутту уюштурган, КИЧИАВТОБУСТАР менен жумуштан үйлөрүнө жеткиришет, ошондой эле врачтарга дагы 7 автоунаа бөлүнүп берилди. Бардык чыгымдар шаардык бюджеттен каралган.

Республикалык баш ийүүдөгү медициналык мекемелер тарабынан ишкананын унаа кызматы боюнча суроо-талаптар жок, демек, келишимдер да түзүлгөн эмес.

Сүрөттөгү медицина кызматкерлерин ташууну аткарган  автобус "Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын автобусу эмес.

Бишкек шаарынын мэриясы саламаттык сактоо министрлигине арыз берүүнү өтүнөт! Биз унаа бөлүп берүүгө даярбыз!

Урматтуу шаардыктар, МЕДИА тармагынын өкүлдөрү! Маалыматтарды расмий булактардан текшерип турууну суранабыз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!