Майрамдык концерт Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармонияда өткөрүлдү.


«Урматтуу шаардыктар жана коноктор! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, бакыт, ийгилик, тынчтык жана биримдик каалайм. Ар бир үйбүлөдө ынтымак болсун!»,-деди район  башчысы Аскар уулу Мирлан.


Концерттик программанын алдында Ленин районунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мыкты кызматкерлерине Ленин райондук администрациясы жана Бишкек шаардык кеӊешинин атынан ардак грамоталар тапшырылды.


Салтанаттуу иш-чарага Ленин райондук администрациясынын башчысы Аскар уулу Мирлан, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Адиса Имангазиева, Ленин районунун кызматкерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты.