Шаар ишин улантууда. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүн жарыктандыруунун пландуу модернизациялоону жүргүзүп жатат.

7-апрел көчө боюнча, Чүй проспектисинен Кийизбаев көчөсүнө чейин төшөлгөн жаңы веложолдун жарыктандыруу ишин аяктадык. Эске салсак, бул аймакта "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын кызматкерлери стратегиялык жактан маанилүү, веложолдор тармагынын жана тротуарлардын курулушун аяктаган.

39 жарыкдиоддуу шам чырактар коюлуп, 41 торшердик мамы орнотулуп, 750 метр кабелдик чубалгылар жер астынан өткөзүлдү.

Саркеч торшердик мамылар, ишкананын цехинде, жоон металлдан жасалган экендигин, белгилей кетүү керек.

Шаардын түштүк бөлүгүндөгү экинчи объект болгон, Ч. Айтматов проспектисинде жана Семетей көчөсүндөгү веложолдо, азыркы учурда жер иштери башталды, кабельдик чубалгыларга ылыйыкталган траншея казылып, торшердик мамылар орнотулат.

Урматтуу шаадыктар! Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныз болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!