"Калыс Ордо" жаңы конушунун жашоочусу Атыркүл апа милиция бөлүмүнүн кире беришинде турган кез, имараттын ичинде “Кыргызпочтасы” МИнын кызматкерлери пенсия таратып жатышат. Имаратка кезек менен, медициналык бет кап жана кол кап кийип, бирден гана киришүүдө, эки участкалык милиция кызматкери тартипти камсыз кылышууда. Локалдуу пенсия 10-апрелден тарта бериле баштаган.

Шаардык милиция бөлүмүнүн бир башында жашоочулар каражаттарын ЭЛКАРТ карточкаларынан акчалай чыгарып, ошондой эле консультация ала алышат, бул жерде “Finca” банкынын кызматкерлери нөөмөт өтөөдө. Белгилей кетсек, “Калыс Ордо” конушунда "Оптима банк" банкынын банкоматы орнотулган, KICBден экинчи терминал алып келишти.

Ошол эле учурда, Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов ар бир иш күнүн жаңы конуштарда өткөрүп, дүкөндөрдөгү азык-түлүктөрдүн запастарын текшерет, гуманитардык жардамды таркатууну көзөмөлдөйт.  

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы үч багыт боюнча жардам көрсөтүүдөбүз: райондук социалдык коргоо башкармалыгынын, ата мекендик жана чыгыш кайрымдуулук фонддордун колдоо багыттары боюнча, ошондой эле борбордун ишкерлери тарабынан түзүлүп жаткан азык-түлүк себеттерин таркатуу багыты.

Гуманитардык жардамды сарамжалдуу бөлүштүрүүлөрдү коомдук контролдоо үчүн ар бир райондун МАБда активисттерден, кварталдык төрагалардан, үй комитеттеринен, участкалык ИИБнин ыйгарым укуктууларынан жана аксакалдар сотторунун төрагаларынан турган атайын комиссия түзүлөт.

Райондун башчысы "Калыс-Ордо" конушундагы кварталдык комитеттердин төрагалары тарабынан маршрут баракчаларына кол коюу жана мөөрү үчүн акча каражатын чогултуу тууралуу маалыматтын аныктыгын текшерди.

№4 кварталдын төрагасы Д. Шакирова, маршруттук баракчалар берилбегенин, аларды тургундар өз алдынча толтурушаарын, ал бир гана каттоосу жок тургундарга, жашаган жерин тастыктаган маалымкаттарды, акысыз берип жатканын билдирди.

Урматтуу шаардыктар! Дагы бир жолу эскертебиз, маршруттук барактар өз алдынча толтурулат, аларды эч жерде сатып алуунун кереги жок! Өтүнөбүз! Маалыматтарды расмий булактардан текшериңиздер, тастыкталбаган фейктерди соцтармактарда, чаттарда жана ММКда жайылтпаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!