«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын командасы шаардык курулуш компаниялар жана уюмдар менен биргеликте шаардыктарга жардам көрсөтүштү.

Жардам берүүнү каалаган жеке компаниялардын саны көп болгондуктан, алынган 9 тонна азыктар автобуска батпай, эки күн катары менен жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Райондук штабдардын тизмелерине ылайык жардамга муктаж болгон шаардыктарга май, кант, күрүч, акшак жана кесме азыктары таратылат.

Биз муктаж болгон бардык шаардыктарды, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жана пенсионерлерди камтууга аракет кылабыз, ошондуктан гуманитардык жардам тизме жана арыздар боюнча көрсөтүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы бул кыйын мезгилде жардам көрсөткөндүгү үчүн, шаардыктарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришет!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!