Борбордун турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Мирлан Амантуров шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге тазалыкты жана тартипти текшерүүдө.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына кар жаагандан кийин, жашыл өсүмдүктөрдү тартипке келтирүү, бактарды санитардык тазалоо ишин күчөтүү тапшырылган.

М.Амантуров «Тазалык» ишканасына борбордук көчөлөрдөн жана шаардын четинен чыккан таштандыларды өз убагында ташып чыгууну, ошондой эле көчөлөрдү, тротуарларды, аялдамаларды, таштанды контейнерлерин жана аянтчаларын тыкыр дезинфекциялоо жөнүндө эскертти.

Санитардык-экологиялык инспекцияга соода үйлөрүнүнө жана башка чарба субъектилерине тиешелүү аймактарда тазалыкты көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.

“Бишкекасфальт” ишканасынын жетекчиси Н. Чолпонбаевге жолдордун, тротуардын, парктардын, скверлердин жана веложолдордун курулуш жана оңдоо иштери графикке ылайык, 2020-жылга карата түзулгөн титулдук тизме боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүү тапшырылган. Эскерте кетсек, быйылкы жылы ишкана 29 көчөдө оңдоо иштерин жүргүзөт. Пандемия өтөт, ал эми парктар жана жаңыртылган жол коммуникациясы шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Белгилей кетсек, азыркы учурда шаардын түндүк  бөлүгүндөгү Ч. Тулебердиев атындагы жаңы парктын курулушу аяктады, ошондой эле парктын жанындагы Кокчетавский жана Тулебердиев көчөлөрүнүн капиталдык ремонту аяктаганы турат. Бардык даярдык иштери жүрүүдө, аба ырайынын шарттары жакшырышы менен асфальт төшөлүп, дароо эле көчөлөр колдонууга ачылат. Кененирээк: https://meria.kg/ru/post/20124

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!