"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордун төрт районунун жана жаңы конуштардын көчөлөрүн, тротуарларын, аялдамаларын, таштанды аянтчаларын, жер алдындагы өтмөктөрдүн жана башка чарба субъекттерининн кеңири дезинфекциялоо иштерин улантууда.

Биринчи Май районунда, бир ай ичинде күн сайын 44 көчө дезинфекцияланып, 191 контейнердик аянтча, 1053 таштанды салуучу бак жана 195 аялдама атайын тазалоодон өткөрүлгөн.

Ленин районунда 48 көчө тазаланды. Дезинфекциядан 197 контейнердик аянтча, 1095 бак, 164 аялдама, ошондой эле “Чоң-Арык” айылынын 14 көчөсү өткөрүлду.

Свердлов районунун аймагында  жайгашкан 32 көчө, 187 контейнердик аянтча, 1149 бак жана 301 аялдамада тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Октябрь районунда 42 көчө санитардык аралашма менен жуулду. Бул район боюнча таштанды контейнерлердин жана аянтчалардын дезинфекция иштери “КомТрансКом” компаниясы тарабынан жүргүзүлөт.

Жыйынтыгында жалпы 179 көчө, 127 объект, 654 КА, 3 860 контейнер жана 1095 аялдама тазаланган.

Пандемияга каршы күрөшүү боюнча дезинфекция иштерине “Тазалыктын” 76 кызматкери, 24 сугарып-жуучу унаа жана "Беларус" кичи-тракторлору менен тартылган. Жууп-тазалоо үчүн Мамлекеттик санэпидемемиялык көзөмөлүнүн алдында кальций гипохлорит эритмеси колдонулууда. Кенен маалыматты http://meria.kg/ru/post/20094 шилтемеси аркылуу билсеңиздер болот.

Белгилесек, дезинфекциялоо иштери Бишкек шаарынын комендатурасынын буйругу менен жүргүзүлүүдө.

Кеңири дезинфекция иштери улантылат.

Бишкек-сүйүктүү таза шаарыбыз!