Шаардык кызматтар күчөтүлгөн ишти улантууда, биз шаардыктар карантинди оңой өткөрүшү үчүн баарын жасайбыз. Бирок, өзүн өзү изоляциялоо режиминде, кыйынчылык көргөндөр бар болгондуктан, борбордук муниципалитеттин кызматкерлери четте калган жок.

ТКЧ кызматтары борбордун вице-мэри Мирлан Амантуров менен биргеликте, муктаж үй-бүлөлөргө 2000 азык-түлүк топтомун сатып алуу үчүн атайын акча каражаттарын топтошту.

Эскерте кетсек, социалдык коргоо багыттары боюнча жана райондук штабдар тарабынан күн сайын, кайрымдуулук фонддорун жана жергиликтүү жамааттардын жардаамын кошпогондо, миң себетке жакын азык-түлүктөр жеткирилет. Бүгүн Ленин районунун акиминин орун басары Ч.Чыныбаевдин жетекчилиги менен райондун муктаж жашоочуларына 1000 баштык азык-түлүк таркатылды.

Ошондой эле "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын борбордук мэриянын таажывирус менен каршы күрөшүү боюнча атайын эсебине которушту. Каражат зарыл болгон, антисептиктерди, шприцтерди, коргоочу кийимдерди, көз айнек, мээлей, жана башка дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алууга багытталат, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жумшалат.

Бишкек-сүйүктүү ынтымактуу шаарыбыз!