СЭИ кызматкерлеринин билдирүүсү боюнча, Токтогул көчөсү, №170 дарегинде жайгашкан «Электрофарфор» кеӊсесинин түштүк-батыш тарабы антисанитардык абалга жеткен.


Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан жеке ишкер  Шипилов В.И.нин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.


Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кезектеги жыйынында 5000 сом өлчөмүндө айып салынды жана жогоруда аталган аймак иретке келтирилди.